Nokia Asha 303 - Карталарды жүктөө

background image

Карталарды жүктөө
Эгерде эстутум картаңызга сакталбаган аймактын картасына көз чаптыргыңыз

келсе жана сизде интернетке активдүү маалымат байланышуусу бар болсо, ошол

аймактын картасы автоматтык түрдө жүктөлөт.

Кызматтарды же жүктөлүп жаткан мазмунду колдонуу чоң көлөмдөгү

маалыматтын өткөрүлүшүнө себеп болушу мүмкүн жана ал, маалымат трафигинин

баасынын көбөйүшүнө себеп болот.

Ишара: Телефонуңузга, саякаттоодон мурун көчөлөрдүн карталарын сактап

коюңуз жана аны менен сиз, саякаттоодо, карталарды интернет байланышуусу

жок эле карай аласыз. Эң жаңы карталарды жүктөп жана аны телефонуңузга

көчүрүү үчүн, Nokia Suite PC колдонуңуз. Nokia Suite жүктөп алуу үчүн,

www.nokia.com/support сайтына өтүңүз.