Nokia Asha 303 - Интернет чалуулар жөнүндө

background image

Интернет чалуулар жөнүндө
Сиз, чалууларды интернет (тармак кызматы) аркылуу аткарып жана кабыл ала

аласыз. Интернет чалуу кызматтары компьютерлер ортосунда, мобильдик

телефондор ортосунда жана Voice over Internet Protocol (VoIP) аспаптары жана

кадимки телефон ортосундагы чалууларды колдоого алат.

Айрым интернет чалуу кызмат тейлөөчүлөр акысыз интернет чалууларга жол

берет. Жетиштүүлүгү жана байланыш мүнөздүн баалары тууралуу интернет чалуу

кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.

Кээ бир өлкөлөрдө VoIP же башка кызматтарды колдонуу чектелген болушу

мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн сатуучуга, кызмат камсыздоочуңузга же

жергиликтүү башкармачылыкка кайрылыңыз.

Интернет чалуусун аткарууга же кабыл алууга, сиз WLAN кызматын туруктуу

кабыл алуу аймагында же 3G тармагында болушуңуз керек жана интернет чалуу

кызматына кирип, даяр турушуңуз керек.

Интернет чалууларын аткарууга 3G тармагын колдонууда, кызмат

камсыздоочуңуз, 3G тармагында интернет чалууларын колдой турганын

текшериңиз. Чыгымдарды үнөмдөөгө туруктуу маалымат тарифтери сунушталат.

Ишара: Эгер кызмат камсыздоочуңуздун туруктуу маалымат тарифине ээ

болбосоңуз, интернет чалууларын аткарууда телефон үчүн төлөмдөгү маалымат

акысын кыскартууга, WLAN аркылуу байланышыңыз.