
Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BP-3L кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган
батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.
Бул аспап, төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3, AC-8, AC-10, AC-11,
AC-15. Nokia заряддагыч моделинин так номери сайгычтын түрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Анын түрү E, X, AR, U, A,
C, K, же B тамгалары менен аныкталат.
Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана
сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.