
Азыркы турган жериңизди көрүңүз
•
Жакын арадагы жерге алып баруучу багытты пландаштыруу
•
Жерди же так даректерди издөө жана аны сактап коюу
•
Сиз турган жерди досуңузга тексттик билдирүү катарында жөнөтүү
Телефонуңузда, өлкөңүздүн карталары алдын-ала жүктөлгөн эстутум картасы
бар болушу мүмкүн. Карталарды колдонуудан мурун, телефонуңузга эстутум
картасын орнотуңуз.
Кызматтарды же жүктөлүп жаткан мазмунду колдонуу чоң көлөмдөгү
маалыматтын өткөрүлүшүнө себеп болушу мүмкүн жана ал, маалымат трафигинин
баасынын көбөйүшүнө себеп болот.
Санарип карталардын мазмуну, кээде туура эмес жана толук эмес болушу мүмкүн.
Медициналык тез жардам сыяктуу, зарыл түрдө байланышуу керек болгон
учурларда жалгыз гана мазмунга же кызматка ишенбеңиз.