Колдоо көрсөтүү
Продуктуңузду кандай колдонуу керектиги тууралуу көбүрөөк билүүнү
кааласаңыз, же телефонуңузду иштетүү жагынан суроолор болсо,
пайдалануучунун колдонмосун толук окуп чыгыңыз.
Сиз, ошондой эле, YouTube тагы Nokia Support Video каналына кызыкдар
болушуңуз мүмкүн.
Эгер муну менен көйгөй чечилбесе, төмөнкүлөр ичинен бирин аткарыңыз:
•
Телефонуңузду кайрадан жандандырыңыз. Телефонду өчүрүп, батарейканы
чыгарыңыз. Бир мүнөт өткөндөн кийин, батареяны ордуна салыңыз жана
телефонду иштетиңиз.
•
Телефонуңуздун программаларын жаңылатыңыз
•
Заводдогу баштапкы орнотууларын калыбына келтирүү
Эгерде көйгөй чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia менен
байланышыңыз. www.nokia.com/repair сайтына өтүңүз. Телефонуңузду оңдоого
берүү алдында, андагы маалыматыңызды камдык сактап коюңуз, анткени
телефонуңуздагы бардык жеке маалымат жок кылынышы мүмкүн.